Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү.

 

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн балбандар арасындагы тизмеси жаңыланды. Ага ылайык, грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы спортчулар тизмесинде Махмудов 55 миң упай менен биринчи орунга чыкты.

 

Буга чейин биринчилик венгриялык балбанга тиешелүү болчу. Акжол Махмудовдун тизменин сап башына чыгышына Азия чемпионатында алтын медаль алганы себеп болду.

 

Жоламан Шаршенбеков да рейтингдеги биринчи ордун өз салмагында сактап калды.