Баткен облусунун Кадамжай районунда кубаттуулугу 4 мегаватты түзгөн чакан ГЭС курулууда.
Novosti.kgге райондук акимчиликтен билдиришкендей, гидроэлектрстанция Исфайрам дарыясында жайгашат.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 3 миллион долларды түзөт. ГЭСти жеке инвесторлор каржылоодо.
Анын биринчи агрегаты май-июнь айларында сыноодон өткөрүлөт.