Ысык-Көл эл аралык марафонун өткөрүүгө өкмөт 10 миллион сом бөлдү

Ысык-Көл эл аралык марафонун өткөрүүгө өкмөт 10 миллион сом бөлдү. Дене тарбия жана спорт департаментинин бөлүм башчысы Тилекмат Абдырахмановдун айтымында, каражат марафонго даярдык жана аны өткөрүү, ошондой эле байге фонду, диплом, медалга жумшалат.

 

Эске салсак, Ысык-Көлдө 13-майда Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу менен эл аралык марафон өтөт. Анын катышуучулары деңиз деңгээлинен 1 миң 600 метр бийиктикте, Ысык-Көлдүн түндүк жээк тарабында жайгашкан уникалдуу трассада чуркашат.