Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолуна түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде аталган жолго көлөмү 1 миң 700 метр кубдан ашык кар көчкү түшүп, 10дон ашык унаа элүүдөй жүргүнчүсү менен өтө албай калган. Жолчулар жана атайын техника тартылып, трасса кардан тазаланды.
Жол унаа кыймылына ачык.