Кеминде муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Кемин шаарында муктаж 20 үй-бүлөгө 1 миң 500 сомдук азык-түлүк жана 1000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жардам Кемин шаарынын борбордук мечитинин, ошондой эле шаардын тургундары тарабынан чогултулган. Анын жалпы суммасы 50 миң сомду түздү.