Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы мектеп курулуп жатат
Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы мектеп курулуп жатат. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объект Күн-Туу айылында жайгашат. Имарат 500 окуучуга ылайыкталган. Бул жерде окуу класстарынан тышкары актовый зал, китепкана, стоматологиялык, врачтык кабинеттер да бар. Мектепти быйыл бүтүрүү пландалууда.