Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, май майрамдарында коомдук коопсуздукту 5 миңден ашык тартип сакчы камсыздайт.
Мындай күчөтүлгөн режим 1-майдан 10-майга чейин күчүндө болот. Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге жана стратегиялык маанилүү объектилерге бөлүнөт.