Россиялык интернет-аукциондордун биринде 500 сомдук купюра сатылып жатат

Россиялык интернет-аукциондордун биринде 500 сомдук купюра сатылып жатат. Анын баштапкы баасы – 19 миң 400 рубль. Тагыраак айтканда, ал өз наркынан 41 эсе жогору сатылууда.

 

Себеби — банкнота алмаштыруу сериясында чыгарылган, жарактан чыккан купюраларды алмаштыруу үчүн колдонулат. Алардын катар номери башкача болот. Мындай банкноталар аз тиражда гана басылат, андыктан нумизматтар арасында жогору бааланат.