Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады. Билдирмеге ылайык, чемпионат 7-майда башталып 14-майга чейин уланат. Дохага бара турган спортчулар: Ханболот Ырысбеков — 60 кг; Кубанычбек Айбек уулу — 66… Кененирээк…

Япония бүгүнтөн тарта туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда

Япония бүгүнтөн тарта туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда. Эми өлкөгө кирүү үчүн 3 доза вакцина алгандыгын тастыктаган сертификатты жана ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүүнүн кереги жок.   Алгач, чектөөлөрдү 8-майдан тарта алуу пландалган. Бирок бийлик мөөнөттү жылдыруу чечимин кабыл алды.   Апрелдин аягында – майдын… Кененирээк…

Боом капчыгайында бүгүн унаа кыймылына чектөө киргизилет

Боом капчыгайында бүгүн унаа кыймылына чектөө киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн жана 2-3-4-майда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун   129-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин транспорт жолдун бир тилкеси менен… Кененирээк…

Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт

Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт.   Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдиргендей, 200, 500 жана 1 миң сомдук банкноталар 10-майдан тарта жүгүртүүгө чыгарылат.   Андан кийин банктар аларга ылайыктап терминалдардын жана банкоматтардын системасын дагы… Кененирээк…

Ош шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөт

Ош шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөт.   Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, 1-май түнкү саат 12ден 2-май түнкү саат 12ге чейин суу болбойт. Буга Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун 1-этабынын алкагында учурдагы суу түтүктөрүн борбордук суу түтүктөрүнө кошуу жана оңдоо иштери себеп болууда.… Кененирээк…

Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 7-14 май күндөрү өтөт.   Ага Кыргызстандын атынан алты спортчу барат. Алар: 1. Ханболот Ырысбеков, 60 кг; 2. Кубанычбек Айбек уулу, 66 кг; 3. Чыңгызхан Сагыналиев, 73 кг; 4.… Кененирээк…

Эртең Чүй пропектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата эртең Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт. Буга байланыштуу күндүзгү саат 4төн түнкү 12ге чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат, — деп билдиришти мэриядан.   Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы керек.

Шакира салык төлөөдөн качкан деген айып менен Барселона сотунда иши каралат

Колумбиялык ырчы Шакира салык төлөөдөн качкан деген айып менен Барселона сотунда иши каралат.   Аткаруучу Испаниянын салык органдарына каршы төрт кылмыш боюнча айыпталууда. Версияларга ылайык, ал 2012, 2013 жана 2014-жылдар үчүн киреше жана мүлк салыгы боюнча декларация тапшырган эмес.   Белгиленгендей, ырчы салык салынган акчаны… Кененирээк…

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачуу пландалууда

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачуу пландалууда. “Манас” аэропортунан билдиришкендей, учактар ​​2-майдан тарта уча башташы күтүлүүдө.   Буга чейин Ысык-Көлдөн Москванын Шереметьево аэропортуна учактар ​​жумасына 2 жолу каттап турган.

ЖКга Ленин району боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.   БШКдан билдиришкендей, жалпысынан 40тан ашык арыз түштү. Алар 30-апрель, кечки саат 6га чейин документтердин толук пакетин тапшырышы керек.   Ошондон кийин гана талапкерлерди каттоо башталат.