Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 10-майга чейин Токомбаев көчөсүнүн Майрам көчөсүнөн 7-апрелге чейинки тилкеси чектелет.

 

Бул жерде магистралдык канализациялык тармактарды жаңыртуу иштери жүргүзүлөт. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу үчүн каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.