Бишкектин Көлмө конушунда Мыскал көчөсү оңдолот

Бишкектин Көлмө конушунда Мыскал көчөсү оңдолот. Мэриянын маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштери анын Мидин көчөсүнөн Жаш Гвардия гүлбагына чейинки тилкесинде жүргүзүлүп баштады.

 

Ошондой эле андагы тротуарды жана ирригациялык тармакты жаңыртуу пландалууда. Аба-ырайы туруктуу болсо, иштер   2 күндө аяктайт. Андан кийин жөө жүрүүчүлөр жолчосу көрктөндүрүлүп, көпүрөнүн курулушу башталат.