Куткаруучулар сууда сүзүү эрежелерин эскертет

Куткаруучулар сууда сүзүү эрежелерин эскертет.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, уруксат берилген жайда, ал эми жаш балдар чоңдордун көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек, тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат.   Ошондой эле, күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө… Кененирээк…

Дмитриевкадагы атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алды

17-майда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Мекеменин маалыматына караганда, бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланат. Жамбашына ок тийген экинчи кызматкер “Тез жардам” менен Улуттук госпиталга алынып келатат.… Кененирээк…

“Интер” клубу “Миланды” жооптуу беттеште утуп, Чемпиондор лигасынын финалчысы болду

Италиялык “Интер” клубу “Миланды” жооптуу беттеште утуп, Чемпиондор лигасынын финалчысы болду. Оюн 1:0 минималдык эсеп менен жыйынтыкталды. Жалгыз топту атаандаштын дарбазасына 74-мүнөттө Лаутаро Мартинес киргизди.   Эске салсак, “Интер” менен “Миландын” биринчи жолугушуусу 10-майда өткөн. Анда беттеш 2:0 эсебинде аяктаган.

Ошто 700 орундуу мектеп пайда болот

Ошто 700 орундуу мектеп пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашкан маалыматка ылайык, сынакты түштүк калаанын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Жаңы мектептин курулушуна 376 миллион 900 миң сом багытталат. Билим берүү мекемеси Валентина Терешкова атындагы мектептин аймагында жайгашат. Ал эки жылдан кийин колдонууга берилет… Кененирээк…

Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат

Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат. Президент администрациясынан билдиришкендей, аба майдандары жаңы тилкелерде пайда болот. Ал эми азыркы аэропорттордун ордуна кичи райондорду куруу пландалууда.   Күтүлгөндөй, алардагы батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жеңилдетилген шарттары менен сунушталат.

Кыргызстан жана Кытай эки өлкө ортосундагы визасыз режим киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан жана Кытай эки өлкө ортосундагы визасыз режим киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.   Чиновник кытайлык кесиптеши менен жолугушууда кыргызстандыктар үчүн, анын ичинде айдоочулар үчүн виза суроосун жеңилдетүү темасы талкууланды.   Кытай бул багытта диалог жүргүзүүгө даяр, —… Кененирээк…

Кыргызстан экономикасы ушул жылы 7 пайызга өсүшү күтүлөт

Кыргызстан экономикасы ушул жылы 7 пайызга өсүшү күтүлөт. Мындай божомолду Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы жасады.   Жакшы жыйынтыктын негизги факторлору катары Россиядагы мигранттарга болгон суроо-талап, россиялык капиталдын Кыргызстанга келиши, ортомчулук сооданын өнүгүшү жана салык администрациясынын жакшырышы аталат.   Ошондой эле европалык банктан… Кененирээк…

Чүйдүн Дмитриевка айылында атышуу болгону кабарланды

17-майда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышуу болду. Милиция кызматкерлери Кант шаарынын чыгыш тарабынан Дмитриевка айылына кире турган автожолду жапканы кабарланды.   Бир катар сайттар укук коргоо кызматкерлери тоноого шек саналып издөөдө жүргөн адамдарды кармоо учурунда үйлөрдүн биринде атышуу болгонун жазышууда. Социалдык тармактарга тараган видеолордо… Кененирээк…

“Манчестер Ситинин” жарым коргоочусу Бернарду Силва Лионель Мессини алмаштырат

“Манчестер Ситинин” жарым коргоочусу Бернарду Силва Лионель Мессини алмаштырат. ПСЖ форварддын ордуна башка оюнчуну издеп жатат. Франциялык басылмалардын маалыматына ылайык, париждик клуб 28 жаштагы португалиялык футболчу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.   Эске салсак, Месси менен ПСЖнын келишими ушул сезондун аягында соңуна чыгат.   Азырынча тактала… Кененирээк…

Бишкекте менчик бала бакча ачып, иштетүүнү пландаган ишкер аялдар үчүн атайын окутуу башталды

Бишкекте менчик бала бакча ачып, иштетүүнү пландаган ишкер аялдар үчүн атайын окутуу башталды.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Үй шартында бала бакча уюштурууну каалаган аялдарды саламаттыкты сактоо, өрт коопсуздугу, мектепке чейинки билим берүү багыттары боюнча атайын даярдыктан өткөн адистер окутууда.   Андан кийин… Кененирээк…