Бишкекте менчик бала бакча ачып, иштетүүнү пландаган ишкер аялдар үчүн атайын окутуу башталды

????????????????????????????????????

Бишкекте менчик бала бакча ачып, иштетүүнү пландаган ишкер аялдар үчүн атайын окутуу башталды.

 

Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Үй шартында бала бакча уюштурууну каалаган аялдарды саламаттыкты сактоо, өрт коопсуздугу, мектепке чейинки билим берүү багыттары боюнча атайын даярдыктан өткөн адистер окутууда.

 

Андан кийин аларга сертификат тапшырылат. Долбоордун алкагында уруксат кагазы жок бала бакча иштетип жаткандарга ишин мыйзамдаштырууга шарт түзүлөт, — дешти мэриядан.