Чүйдүн Дмитриевка айылында атышуу болгону кабарланды

17-майда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышуу болду. Милиция кызматкерлери Кант шаарынын чыгыш тарабынан Дмитриевка айылына кире турган автожолду жапканы кабарланды.

 

Бир катар сайттар укук коргоо кызматкерлери тоноого шек саналып издөөдө жүргөн адамдарды кармоо учурунда үйлөрдүн биринде атышуу болгонун жазышууда.

Социалдык тармактарга тараган видеолордо атышуулардын үнүн угууга болот. Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Чүй облустук милициясы окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.