Кыргызстан жана Кытай эки өлкө ортосундагы визасыз режим киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан жана Кытай эки өлкө ортосундагы визасыз режим киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

 

Чиновник кытайлык кесиптеши менен жолугушууда кыргызстандыктар үчүн, анын ичинде айдоочулар үчүн виза суроосун жеңилдетүү темасы талкууланды.

 

Кытай бул багытта диалог жүргүзүүгө даяр, — деп белгиледи Кулубаев.