Дмитриевкадагы атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алды

17-майда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Мекеменин маалыматына караганда, бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланат. Жамбашына ок тийген экинчи кызматкер “Тез жардам” менен Улуттук госпиталга алынып келатат.

 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Дмитриевка айылында 17-майда террорго шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.

 

Министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорго шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөн.