Ошто 700 орундуу мектеп пайда болот

Ошто 700 орундуу мектеп пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашкан маалыматка ылайык, сынакты түштүк калаанын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

 

Жаңы мектептин курулушуна 376 миллион 900 миң сом багытталат. Билим берүү мекемеси Валентина Терешкова атындагы мектептин аймагында жайгашат. Ал эки жылдан кийин колдонууга берилет деп пландалууда