“Интер” клубу “Миланды” жооптуу беттеште утуп, Чемпиондор лигасынын финалчысы болду

Италиялык “Интер” клубу “Миланды” жооптуу беттеште утуп, Чемпиондор лигасынын финалчысы болду. Оюн 1:0 минималдык эсеп менен жыйынтыкталды. Жалгыз топту атаандаштын дарбазасына 74-мүнөттө Лаутаро Мартинес киргизди.

 

Эске салсак, “Интер” менен “Миландын” биринчи жолугушуусу 10-майда өткөн. Анда беттеш 2:0 эсебинде аяктаган.