Видео аркылуу тамак жасаган робот-ашпозчу пайда болду

Кембридж университетинин окумуштуулары рецептти изилдеп, каалаган тамакты жасай ала турган робот-ашпозчу жаратышты. Бул үчүн роботко кыймыл-аракеттердин алгоритмин деталдуу көрсөткөн видеону бир жолу көрүү жетиштүү.

 

Долбоордун авторлору популярдуу кулинардык телешоулордогу видеолор аппаратты үйрөтүү үчүн ылайыктуу эмес деп эсептешет. Анткени робот тамакты даярдоо үчүн колдонулган бардык ингредиенттерди жана куралдарды аныкташы керек.

 

Ал жөнөкөй жана татаал рецепттерди бирдей жакшы жасайт, тамакты күтүү кадимки ресторандагыдан көпкө созулбайт.