Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат

Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, лагерлер 12-июндан тарта балдарды кабыл ала баштайт. Анда балдар эс алууга гана эмес, өнүгүүгө да өбөлгө түзүлүп, ар кандай сынактар, экскурсиялар, сууга түшүү, спорттук оюндар жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

 

Ошондой эле, коомдук уюмдардын катышуусу менен шайыр, кызыктуу программалар өткөрүлөт.