ЖК этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, “Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» жана “Кыргыз жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет.

 

Депутаттар тобу жана өкмөт демилгелеген мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо, азыркы мыйзамдын кемчиликтерин жоюу, кайрылмандарды каттоо системасындагы маселелерди чечүүгө жана аларды кабыл алуу шарттарын жакшыртууга багытталган.