Парламент комитети Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду

Парламент комитети Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында кабыл алынды.

 

Мунун алдында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев суу тартыштыгын чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген. Жаңы суу топтомо жайларын курууга жер керектиги, учурда трансформациялоо маселесин чечүүгө аракет жасалып жатканы айтылган.