Илон Масктын компаниясы SpaceX 14 жаштагы баланы жумушка алды. Кайрен Квази Starlink спутниктери үчүн программалык камсыздоонун үстүндө иштеп жаткан командага кошулат.
Өспүрүм жакында эле Калифорниянын Санта-Клара университетин аяктап, бакалавр дипломун алды.
Муну менен ал 1851-жылы негихделген окуу жайдын тарыхындагы эң жаш бүтүрүүчү деп аталды. Ал университетке өткөндө болгону 11 жашта болчу.