Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабиясына учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабиясына учуп кетти. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек – Медина багыты менен 10 рейс пландалса, анын жетөөсү Ош шаарынан учат.

 

Бишкектен ажылыкка 2 миңдей адам учат, калгандары түштүк калаасынан жөнөтүлөт. Эске салсак, Кыргызстанга Сауд Арабия быйыл 6 миң квота бөлүп берген, ажылыктын баасы 3 миң 900 долларды түзөт.