Милиция Бишкек тургундарын суу тартыштыгынан улам жол тоспоого чакырат.
Ички иштер башкармалыгынан эске салышкандай, жолду мыйзамсыз тоскондор мыйзамга ылайык, 2 айдан 1 жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат, 20 миңден 50 миң сомго чейин айыпка жыгылат же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Белгилеп кетсек, июнь айынын башталышы менен Бишкекте суу тартыш болуп жатат.
Айрым конуштардын тургундары шаар бийлигинин көңүлүн буруу үчүн жолдорду тосууга аргасыз болууда.