Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы аэропорт август айында толук кандуу иштеп баштайт

Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы аэропорт август айында толук кандуу иштеп баштайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Акуналы Досалиев парламентте билдирди.

 

Анын айтымында, аба майданды калыбына келтирүүгө 36 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси узартылды. Учурда соңку калыбына келтирүү иштери жүрүп, майдан августтан тарта учактарды кабыл алып баштайт, — деди Досалиев.