Фархад Бекманбетов кызматтан кетти

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен кызматтан алынды. Кошумчаласак, соңку учурда Фархад Бекманбетовго нааразычылык күчөп кеткен. Алсак, анын айрым кызматкерлери «жетекчи иш билги эмес» деп сындап, бири-бири менен кайым айтышкан видеолору социалдык тармактарда бир топ талкуу жараткан.

 

Эске салсак, Бекманбетов мамлекеттик циркке 2019-жылдын январь айында дайындалган.