Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов Азия чемпиону болушту

Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов Азия чемпиону болушту. Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Бейшекеев 67 килограмм салмак категориясында мыкты деп аталса, Асан Жанышов 82 килограмм салмакта атаандаштарын багындырды.

 

Андан тышкары, Нурмухаммет Абдуллаев, Адилхан Нурланбеков, Ырыскелди Максатбек уулу жана Нурмамбет Раймалы уулу күмүш медалдарды тагынышты.