Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү

Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүткөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров былтыр 14-17-сентябрда Лейлек районунун бир катар айылдарында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416сынын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүтөт”, — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Акылбек Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.