Оштун Кара-Суу районунда жер көчкү жүрүп, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү

Оштун Кара-Суу районунда жер көчкү жүрүп, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган райондун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келең айылында эски жер көчкү активдешкен.

 

Анын болжолдуу көлөмү 100 миң кубду түзөт. 5 турак үйгө коркунуч жаралгандыктан 39 тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

 

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутундуну 9-июнда чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүүнү сунушташкан.