Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан эки айылы таза суу менен камсыздалат

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан эки айылы таза суу менен камсыздалат. Капчыгай айылында 5 чакырымдык суу түтүктөрүн курууга 17 миллион сом бөлүнгөн.

 

Иштер 70 пайызга аяктап калды. Ошондой эле Достук айылынын тургундары 21,5 миллион сомго таза суу менен камсыздалат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бардык иштер июлдун аягында жыйынтыкталат деп пландалууда.