Кыргызстанга апрель айында 10 миң 156 жеңил унаа жеткирилди.
Анын басымдуусу же 4 миң 400ү Кореядан ташылса, 1 миң 250 машине Россиядан жана 1 миңден ашыгы Кытайдан алып келинди. Ошондой эле биздин өлкөгө транспорт импорту АКШ, Япония жана Грузиядан ишке ашат.
Жалпысынан 4 айда республикага 47 мамлекеттен 41 миңден ашык унаа жеткирилген.