Амстердамда экскурсиянын өзгөчө түрү пайда болду. Туристтерге жергиликтүү тургун менен бир эле күнгө үйлөнүү сунушталат. Андан кийин алар кыска “бал айына” жөнөйт.
Муну менен, саякатчылар бир эле күндө шаардын кооз жерлерин дагы көрүп, жергиликтүү менталитет менен дагы жакындан тааныша алат. Мындай оюнга катышуунун баасы – 100 евро. Бул суммага 1 күндүк үлпөт той жана убактылуу күйөөнүн баасы дагы кирет.