Бишкекте 6 айда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга дээрлик 11 млн сомго айып салынган

Бишкекте 6 айда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын көлөмү 10 млн 930 миң сомду түздү.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, тартип бузгандардын жалпы саны 1 миң 43тү түзсө, анын 480и физикалык жактар жана 563ү юридикалык жактар.

Борбордо мыйзам бузуулардын саны боюнча Биринчи май району алдыңкы орунда турат. Жалпысынан 2 млн 949 миң сомго 299 факты аныкталган. Ал эми Ленин районунда 2 млн 958 миң 500 сомго 279 мыйзам бузуу, Октябрь районунда 2 млн 994 миң 500 сомго 235 мыйзам бузуу, Свердлов району боюнча 2 млн 28 миң сомго 230 мыйзам бузуу аныкталган.

 

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган бардык фактылар боюнча инспекторлор тарабынан мыйзам бузуучулар күнөөсүн мойнуна алганына-албаганына карабастан, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык протокол түзүлөрүн эскертет.