Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай-500 адамы рейтингинин сап башына жайгашты

Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай-500 адамы рейтингинин сап башына жайгашты. Bloomberg басылмасынын маалыматына ылайык, ишкердин байлыгы 234 миллиард долларды түзөт.

 

Экинчи орунда Бернар Арно турат – француз бизнесменинин эсептеринде 200 миллиард доллар бар.

 

154 миллиарды менен Амазон компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос үчүнчү орунда жайгашат. Мета корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг бул ирет позициясын төмөндөтүп, тогузунчу орунда турат. Ал 104 миллиард долларга ээлик кылат.