Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк багытта балык уулоого тыюу салынды

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк багытта балык уулоого тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Документте «аталган көлдөрдү байырлаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу мораторий жарыялансын», — деп жазылган.

 

Тыюу салуу көлдөрдөгү балыктын жок болуп бараткан түрлөрүн калыбына келтирүү максатын көздөйт.