Бишкекте мыйзамсыз орнотулган гараждар алынууда

Бишкектин Жусуп Абдрахманов 145, дарегинде мыйзамсыз орнотулган 21 гараж алынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, анын натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

 

Буга чейин мэрия муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.

 

Эми гараждардын ордуна жол курулат.