Чүйдө 5 миң кишиге ылайыкташкан ФАП курулууда

Чүйдүн Мраморное айылында 5 миң кишиге ылайыкташкан ФАП курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Эки кабаттуу фельдшердик-акушердик пункт 100 пайыз жергиликтүү бюджеттен каржыланат жана ага жалпысынан 19 миллион сом жумшалат. Имарат заманбап жабдыктар менен жабдылат, — деп айтылат маалыматта.