Ленин бир мандаттуу округу боюнча соңку тизмеге 127 миң 315 адам кирди

Ленин бир мандаттуу округу боюнча соңку тизмеге 127 миң 315 адам кирди.   Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Жарандар 30-августка чейин тизмеден өздөрүнүн бар-жогун текшерип, кандайдыр бир катачылыктар болсо өзгөртүү киргизе алат.   Ленин районунда жашап, биометрикалык маалыматын бергендер добуш берүү укугуна ээ. Эске салсак, аталган… Кененирээк…

АКШда дүйнөдөгү эң арзан үй сатыкка чыгарылды

АКШда дүйнөдөгү эң арзан үй сатыкка чыгарылды. Турак-жайдын баасы болгону 1 доллар.   Бирок ал жашоого такыр жарактуу эмес. Сырткы жасалгасы жана чатыр жабыркаган, айрым бөлмөлөрдө туш кагаз чапталбай, акталбай да калган.   Бакчасы дагы кейиштүү абалда. А бирок риелторлор үйдү жогору баада сата ала… Кененирээк…

Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза тапты

Бишкектин үчүнчү кичи районунда көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан жарылуу болуп, бир адам каза болду. Жабыркагандар такталууда.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, Октябрь районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө эки бөлүм жана бир штаб тартылган.… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында 300дөн ашык жүк ташуучу машине кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 21-август саат 18:30га карата 370тей жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан Казакстанга өтө албай, кезекте турат.   Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап машиналардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатат.  … Кененирээк…

“Оппенгеймер” тасмасы прокатта 700 миллион доллардан ашык чогултту

“Оппенгеймер” тасмасы прокатта 700 миллион доллардан ашык чогултту. Кино режиссер Кристофер Ноландын мыкты делген тасмаларынын тизмесинде үчүнчү орунга жайгашып, ал касса чогултуу боюнча легендарлуу “Интерстеллар” жана “Башталыш” фильмдерин артта калтырды.   Эске салсак, тасма атомдук бомбанын жаратуучусу Роберт Оппенгеймердин элесине арналган.   Актердук курамга Роберт… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы күздө эки достук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы күздө эки достук беттеш өткөрөт. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, 11-сентябрда Дубайда Кувейт курамасы менен оюн болот.   Экинчи жолугушуу Бириккен араб эмираттарынын кесипкөй лигасынын клубдарынын бири менен пландалды. Беттештин так күнү белгилене элек.

Бишкекте Бердибаев көчөсү оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте Бердибаев көчөсү оңдоо иштерине жабылды.   Мэриядан билдиришкендей, иштер анын Шералиев – Садыбакасов тилкесинде жүргүзүлөт. Бул жерде жолдун катмары жаңыртылып, тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалыматты кайра иштеп чыгуу боюнча ири мамлекеттик борбор түзүү ниетинде

Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалыматты кайра иштеп чыгуу боюнча ири мамлекеттик борбор түзүү ниетинде. Ведомство жетекчиси Талантбек Имановдун айтымында, бул улуттук деңгээлдеги долбоор болот.   Чогултуп, кайра иштеп, анализдөө үчүн маалымат күн санап өсүүдө.   Андан тышкары, автоматташтырылган маалыматтык системанын саны көбөйүп жатат. Иманов кошумчалагандай, борбордун … Кененирээк…