Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалыматты кайра иштеп чыгуу боюнча ири мамлекеттик борбор түзүү ниетинде

Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалыматты кайра иштеп чыгуу боюнча ири мамлекеттик борбор түзүү ниетинде. Ведомство жетекчиси Талантбек Имановдун айтымында, бул улуттук деңгээлдеги долбоор болот.

 

Чогултуп, кайра иштеп, анализдөө үчүн маалымат күн санап өсүүдө.

 

Андан тышкары, автоматташтырылган маалыматтык системанын саны көбөйүп жатат. Иманов кошумчалагандай, борбордун  курулушу мамлекеттик органдардын маалыматтык булактарга болгон муктаждыгын камсыздап, өлкөдө сапаттуу IT-инфраструктураны түзүүгө жол ачат.