Ленин бир мандаттуу округу боюнча соңку тизмеге 127 миң 315 адам кирди

Ленин бир мандаттуу округу боюнча соңку тизмеге 127 миң 315 адам кирди.

 

Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Жарандар 30-августка чейин тизмеден өздөрүнүн бар-жогун текшерип, кандайдыр бир катачылыктар болсо өзгөртүү киргизе алат.

 

Ленин районунда жашап, биометрикалык маалыматын бергендер добуш берүү укугуна ээ. Эске салсак, аталган округ боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо    10-сентябрда өтөт. Кечээ талапкерлер үгүт жүргүзүү иштерин баштады.