“Оппенгеймер” тасмасы прокатта 700 миллион доллардан ашык чогултту

“Оппенгеймер” тасмасы прокатта 700 миллион доллардан ашык чогултту. Кино режиссер Кристофер Ноландын мыкты делген тасмаларынын тизмесинде үчүнчү орунга жайгашып, ал касса чогултуу боюнча легендарлуу “Интерстеллар” жана “Башталыш” фильмдерин артта калтырды.

 

Эске салсак, тасма атомдук бомбанын жаратуучусу Роберт Оппенгеймердин элесине арналган.

 

Актердук курамга Роберт Дауни, Килиан Мерфи, Мэтт Дэймон жана башкалар кирет.