Кыргызстандын футбол боюнча курамасы күздө эки достук беттеш өткөрөт. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, 11-сентябрда Дубайда Кувейт курамасы менен оюн болот.
Экинчи жолугушуу Бириккен араб эмираттарынын кесипкөй лигасынын клубдарынын бири менен пландалды. Беттештин так күнү белгилене элек.