Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза тапты

Бишкектин үчүнчү кичи районунда көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан жарылуу болуп, бир адам каза болду. Жабыркагандар такталууда.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, Октябрь районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө эки бөлүм жана бир штаб тартылган.

 

Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Министрлик эмне жарылганын тактаган жок.