Жалал-Абад шаарында айрым көчөлөр жабык

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүн кечки саат 18:00гө чейин жабык болот. Буга тиешелүү жол чийиндерин чийүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы себеп экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Тосулуучу жерлер Ленин көчөсүнүн Баел базарынын алдынан тартып, Ленин жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралык (Сузак Жалал-Абад унаа жолунун 1-чакырымынан тартып, Ленин-Сатыбалдыева, Ленин-Ивасишина, Ленин-Абдырахманова, автовокзал аймагы толугу менен) болот.

 

ЖКККББ жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, маршруттук каттамды алдын ала пландоого чакырат.