Кыргызстан Казакстан алдында Киров суу сактагычынан суу берүү боюнча бардык милдеттенмелерин аткарууда. Бирок июль айында суралган көлөм боюнча лимит 5-августта соңуна чыкты.
Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеев билдирди. Андан тышкары, суу сактагычта нымдуулук кескин азайды. Учурда ал болгону 3 пайызга толгон. Ал эми Казакстан биздин өлкөдөн сууну Чү дарыясынан алып жатат.
Сокеев белгилегендей, учурда аймакта болуп көрбөгөндөй суунун тартыштыгы катталууда. Жаан-чачын дээрлик болгон жок, тоо булактары тиешелүү нормадан 4 эсе аз суу берди. Андыктан, суу сактагычтарга күч келди.