Түркияда өрттөн улам миңден ашуун тургун эвакуацияланды

Грециянын токойлорундагы өрт коңшу Түркияга да жайылып, Чанаккале аймагындагы тогуз айылдын 1200 тургуну эвакуацияланганы кабарланды.

«Азаттыктын» азери кызматы жазгандай, 1500 гектардан ашуун токой күйүп, 48 адам түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылган.

 

Эгей жана Мармара деңиздериндеги токойлордогу өрттүн айынан кемелердин кыймылы да токтотулганы айтылууда.

Бир күн мурда Грецияда өрт өчүрүүчүлөр 18 адамдын күйгөн сөөгүн табышкан. Алар Түркиядан Грекияга өтүүнү көздөгөн мигранттар болушу мүмкүндүгү болжолдонгон.

 

2023-жылы рекорддук ысыктан улам ири токой өрттөрү Греция, Испания, Португалия жана башка Европа өлкөлөрүндө да катталган. Канадада өрттүн айынан он миңдеген жергиликтүү тургун эвакуация болду. Жыл башынан бери Россияда дээрлик 4,3 миллион гектар жер өрттөндү.