Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны учурга карата 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73ке жетти. Соңку маалыматты Кыргызстандын чек ара кызматы берди.
Ал эми кыргыз тараптагы пункттар күнүмдүк тартипте иштеп жатат.
Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында атайын чатырлар тигилген. Анда айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.
Эске салсак, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги 20-августтан тарта пайда боло баштаган.