Диетолог стресстен арылтууга жардам берген азыктарды атады

Диетолог стресстен арылтууга жардам берген азыктарды атады. Адис Андрей Бобровскийдин айтымында, психологиялык-эмоционалдык оор абалдан чыгуу үчүн магний жана цинк көп болгон азыктарды жеш керек.

 

Андан тышкары, омега-3, фолий кычкылына басым жасоо сунушталат. Бул заттар кулпунай, апельсин, мандарин, грейпфрут, авокадодо көп. Ал эми чөп-чардын ичинен шпинат магнийге бай. Скумбрия, салака өңдүү балыктар стресске каршы турчу азыктар. Жаңгак, семичке да мээни сергитүүгө жардам берет.