Ош шаарында айрым көчөлөр бүгүнтөн тарта убактылуу жабылат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына караганда, Навои, Ленин, Курманжан Датка, Бөрүбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүк тосулат.
Убактылуу чектөөлөр Ош ЖЭБин күзгү-кышкы сезонго даярдоонун алкагында оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.